Редакцияот 30.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVIII - сессиясы

 

2023-жылдын  30-майындагы  № 10

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн  Кызыл-Ай айылынынын тургуну Джоробаев Абдималиктин атындагы системалык каттоодо турган №455 суу скважинасын  муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүнө негиз,  Сайдыкум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылынын тургуну Джоробаев Абдималиктин жазган арызы боюнча, Жоробаев Абдималиктин атындагы системалык каттоодо турган №455 суу скважинасын муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  кезексиз XIX сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Сайдыкум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылынын тургуну Джоробаев Абдималиктин атындагы системалык каттоодо турган №455 суу скважинасын муниципалдык менчикке өткөрүлүп, пайдаланууга бекитилсин.

2. Системалык каттоодо турган №455 суу скважинасын мыйзамдаштырып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акт алуу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын

убактылуу милдетин аткаруучу: 

 

 

А.Ж.Маматсаева