Редакцияот 07.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү III CЕССИЯСЫ

2025-жылдын 7-февралындагы №3/12 

 

Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз айылындагы жеке менчикте турган Ибраев Сыргак Жумаевичтин наамындагы 1687,87 ч.м. жер аянтын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн муницпалдык менчигине алуу жана Орто-Саз айылына кичи футболдук аянтча куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз айылындагы жеке менчикте турган Ибраев Сыргак Жумаевичтин наамындагы 1687,87 ч.м. жер аянтын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн муницпалдык менчигине алуу жана Орто-Саз айылына кичи футболдук аянтча куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековдун кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү I I I   сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз айылындагы жеке менчикте турган Ибраев Сыргак Жумаевичтин наамындагы 1687,87 ч.м. жер аянты өзүнүн макулдугунун негизинде Чет-Нура айыл өкмөтүнүн муницпалдык менчигине алынсын.

2.     Жогорудагылардын негизинде Чет-Нура айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынган 1687,87 ч.м. жер аянтын Орто-Саз айылына кичи футболдук аянтча куруу үчүн бөлүнүп берилсин.

3.     Токтомдун аткаралышын ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековго жана Орто-Саз айылынын айыл башчысы Ж.Жайлообаевге тапшырылсын.

4.     Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.

Төрага

С. Бектемир уулу