САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XIX - сессиясы
2023-жылдын 30-майындагы № 5
Сайдыкум айыл аймагынын Дүкүр башталгыч мектебине ысым коюу жөнүндө
Сайдыкум айыл аймагынын Дүкүр айылынын жашоочуларынын Дүкүр башталгыч мектебинин мугалимдери менен биргелешкен чогулушунун протоколуна негиз, Дүкүр башталгыч мектеби кошумча класс курулушуна жана айылдын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, жардамдарды берип жүргөн, айылдын мындан ары да өнүгүүсүнө да өзүнүн жардамдарын берүүчү инсандардын бири болгон Айбек Алтынбековдун атасы Чомоев Алтынбектин ысымын коюп берүү боюнча кайрылуусун, протоколу менен угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын Дүкүр айылынын жашоочуларынын Дүкүр башталгыч мектебинин мугалимдери менен биргелешкен чогулушунун протоколу бекитилсин.
2. Сайдыкум айыл аймагынын Дүкүр башталгыч мектеби кошумча класс курулушуна жана айылдын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, жардамдарды берип жүргөн, айылдын мындан ары да өнүгүүсүнө да өзүнүн жардамдарын берүүчү инсандардын бири болгон Айбек Алтынбековдун атасы Чомоев Алтынбектин ысымы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум Айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
А.Ж. Маматсаева |