Редакцияот 30.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XIX - сессиясы

 

2023-жылдын  30-майындагы  № 4

Сайдыкум айыл өкмөтүнөн  берилүүчү материалдык жардам жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 50-беренесинин, 4-5 пунктарына ылайык, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүнө негиз, Сайдыкум айыл өкмөтүнөн берилүүчү материалдык жардам жөнүндө маселесин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  кезексиз XIX сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жарандарга берилүүчү материалдык жардамы, Сайдыкум айыл өкмөт тарабынан 1 жылда 1 жолу 3000(үч миң) сом өлчөмүндө акча каражаты каралсын.

2. Бөлүнгөн акча каражатын камсыз кылуу жагы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Дженалиевге жүктөлсүн.

 

 

Сайдыкум айылдык Кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу:       

 

 

  А.Ж.Маматсаева