САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XIX - сессиясы
2023-жылдын 30-майындагы № 3
Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай, Сай МТФ, Чоң-Курулуш, Жаңы-Абад, Хажир-Абад айылдарындагы муниципалдык менчик объекттеринин жана бош жаткан жерлерин реестрин жана классификациясы жөнүндө
Сайдыкум айыл аймагынын муниципалдык менчик объекттеринин жана бош жаткан жерлерин реестрин жана классификациясы бекитилген, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бош жаткан жер тилкеси 2011-жылдын 23-сентябрь №571-Токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун негизинде, Сайдыкум айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы С.Досов көчөсүндөгү бош жаткан 2503,31 кв.м жер, С.Досов көчөсүндөгү Маданият үйүнүн тушундагы бош жаткан 127,51 кв.м жер, Сай участогундагы мурунку МТФ мал сарайдын бош жаткан 11704,74 кв.м жер, Чоң-Курулуш Базар-Коргон-Сейдикум жолундагы бош жаткан 7456,74 кв.м жер, Жаңы-Абад айылындагы Шоркананын жана жана айыл чарба өсүмдүктөрдү дарылоочу заттарды сактоочу кампанын бош жаткан 18453,00 кв.м жер, Хажир-Абад айылындагы Сай участогундагы мурунку МТФ мал сарайдын бош жаткан 32450,38 кв.м жер тилкелерин муниципалдык менчик объекттеринин жана бош жаткан жерлерин муниципалдык менчикке өткөрүлүп, реестрге бекитилсин.
2. Көрсөтүлгөн жер тилкелерин мыйзамдаштырып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акт алуу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
А.Ж.Маматсаева
|