САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XIX - сессиясы
2023-жылдын 30-майындагы № 2
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жерге пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт алуу жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте болгон жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Типтүү жобого ылайык, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүнө негиз, Сайдыкум айыл аймагындагы бош жаткан муниципалдык менчиктеги жерлерден Кара-Үңкүр дарыясынын (Тентек-Сай) жээгинен жаратылыш газын тартуучу станция курууга 3500 кв.м (0,35 га) жер тилкесин, “КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ” ачык акционердик коомуна ажыратып берүү маселесин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз
XIX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сайдыкум айыл аймагындагы бош жаткан муниципалдык менчиктеги жерлерден Кара-Үңкүр дарыясынын (Тентек-Сай) жээгинен жаратылыш газын тартуучу станция курууга 3500 кв.м жер тилкесин, мыйзамда көрсөтүлгөн талаптардын негизинде, тийиштүү документтери такталгандан кийин, “КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ” ачык акционердик коомуна ажыратып берилсин.
2. Көрсөтүлгөн 3500 м кв муниципалдык жер аянтын Кара-Үңкүр дарыясынын (Тентек-Сай) жээгинен жаратылыш газын тартуучу станция курууга мыйзамдаштырып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акты алуу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
А.Ж.Маматсаева |