Редакцияот 30.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XIX - сессиясы

 

2023-жылдын  30-майындагы  № 1

“Сейдикум-Тазалык” муниципалдык  ишканасынын тарифин жогорулатып, бекитип берүү жөнүндө

 

 “Сейдикум-Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы А.Жакыповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  кезексиз XIX сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз X-сессиясындагы 2022-жылдын 18-февралындагы №2-Токтому менен бекитилген таза суу үчүн 1 м3  20 сомдук тариф, бүгүнкү күндө “Сейдикум-Тазалык” ишкансынын өзүн-өзү каржылай албагандыгына жана 2023-жылдын 1-майынан баштап, электр энергиясынын баасы жогорулагандыгына байланыштуу, 2023-жылдын 1-майынан баштап, таза суу түтүкчөлөрү кирген суу эсептегичи бар ар бир түтүн таза суунун 1 м3=1000 литр суу 25 сомго жогорулатылып, ал эми суу эсептегичи жок абоненттерге ар бир кожолука айына 210 сом болуп бекитилсин.

2. Тазалык үчүн Сайдыкум айыл аймагындагы турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн ар бир кожолука 100 сомдон бекитилсин.

3. Бекитилген тарифтин негизинде иш алып баруу жагы           “Сейдикум-Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы А.Жакыповго жүктөлсүн.

  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын

убактылуу милдетин аткаруучу:  

 

 

 А.Ж.Маматсаева