БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясынын
2024-жыл 19-январы №2
01.01.2024 - жылга карата Бел-Алды айыл өкмөтүнүн негизги жана атайын эсебинде калган акча каражатынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Бюджеттик Кодекске ылайык, Бел-Алды айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, ФЭБ башчысы Ж.Сартованын маалыматтарын угуп жана талкуулап, Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы токтом кылат:
1. 01.01.2024-жылга карата жалпы 220,1 миң сом, анын ичинен, негизги эсептен 207,0 миң сом, атайын каражаттан 13,1 миң сом, калгандыгы белгиленсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттары боюнча туруктуу комиссиянын маалыматы эске алынсын, алар төмөндөгүчө бөлүштүрүлүп чыгымдалсын:
Негизги эсептен калдык: 207,0 миң сом, анын ичинен:
Өкмөттүн аппаратына
Статья 2215 – 207,0 ар кандай чыгымдар статьясына жумуштун жүрүшү менен айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде чыгымдалсын.
Атайын эсептеги калдык: 13,1 миң сом,
Айыл өкмөтүнүн аппаратына
Статья 2215 - 13,1 миң сом – ар кандай чыгымдар статьясына жумуштун жүрүшү менен айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде чыгымдалсын.
3. Бул токтомдун аткаруу Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Багымбаевге жана ФЭБ башчысы Ж.Сартова милдеттендирилсин.
4. Аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы Э.Кадыралиевага тапшырылсын
7. Бул токтом айылдык кеңешинин bel-aldy.gos.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңешинин төрайымы: | Ж.Шарипова |