Редакцияот 07.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү III CЕССИЯСЫ

2025-жылдын 7-февралындагы №3/15 

 

Чет-Нура айыл аймагынын 2025-жылдагы жыл башынан калган акча

 каражатын чыгымдоо  жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагынын 2025-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин бюджет жана этика  комиссиясынын, экономиканы өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, инвестиция тартуу жана айыл чарба боюнча бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектүү III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жыл башынан калган бюджеттик эсептеги калдык  акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:

№

Статья

Чыгаша бөлүктүн аткарылышы

Сумма (миң сом)

1

3111

Имараттар жана курулуштар

6 083,3

 

Жалпы:

 

6 083,3

 

Баары – 6 083,3 миң сом (алты миллион сексен үч мин уч жүз сом).

2.     Токтомдун аткарылышын Чет-Нура айыл өкмөтүнүнэкономиканы өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, инвестиция тартуу жана айыл чарба боюнча бөлүмүнүн башчысы С.Сыдыковага милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.

Төрага

С. Бектемир уулу