Редакцияот 19.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бел-Алды айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясынын

 

2024-жыл 19-январы №3

 

Жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагын уюштуруу үчүн илимий иштерин жүргүзүүгө

макулдук берүү жөнүндө

 

Бел-Алды айыл аймагына караштуу Бадалык жайлоосуна жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагын уюштуруу үчүн илимий иштерин жүргүзүүгө макулдук берүүгө, депутаттардын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.       Бел-Алды айыл аймагына караштуу Чекчей жайлоосунун Бадалык жайлоосуна ашкан кырынан баштап, Бадалык жайлоосуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагын уюштуруу үчүн илимий иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин

 

2.  Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана bel-aldy.gos.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Э.Кадыралиевага тапшырылсын.

 

3.        Бул токтом bel-aldy.gos.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.

 

 

 

Төрайым:

Ж.Шарипова