Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бел-Алды айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясынын

 

2024-жыл 19-январы №5

 

2024-жылга карата малдын башына болгон бааларды бекитүү жөнүндө

 

     Бел-Алды айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин төрагасы У.Маралбаевдин Малдын башына болгон бааларды 0,2 коэффицентке көтөрүү жөнүндөгү сунушан угуп жана талкуулап, Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы токтом кылат:

 

1.       Бел-Алды айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт комитети У.Маралбаевдин сунушу эске алынсын.

2.       2024-жылдын 1-январынан баштап малдын башына болгон баалар 0,2 коэффицентке көтөрүлүп жандык (кой,эчки ) башына 24 сом; Жылкы башына 120 сом; бодо мал башына(уй,торпок) 120 сом болуп жайыт мыйзамынын негизинде бекитилсин.

Бул токтомду аткарун аткарылышын көзөмөлдөөнү Бел-Алды айыл өкмөтунүн ФЭБ башчысы Ж.Сартова милдеттендирилсин.

3.       Аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.       Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5.       Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы Э.Кадыралиевага тапшырылсын

6.      Бул токтом айылдык кеңешинин bel-aldy.gos.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Айылдык кеңештин төрайым:

Ж.Шарипова