Редакцияот 07.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү III CЕССИЯСЫ

2025-жылдын 7-февралындагы №3/16 

 

Чет-Нура айыл аймагынын накта жашаган калкына тазалык жыйымынын ставкасын бекитүү жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагынын накта жашаган калкына тазалык жыйымынын ставкасын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 “Салыктык эмес кирешелер” жөнүндө кодексине ылайык бекитүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн салык адиси Ж.Айдралиевдин кайрылуусун карап жанаталкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү I I I   сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Чет-Нура айыл аймагынын накта жашаган калкына тазалык жыйымынын ставкасы Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 “Салыктык эмес кирешелер” жөнүндө кодексинин 75-беренесине ылайык 1 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.     Жогорудагылардын негизинде тазалык жыйымын бекитилген ставкага ылайык накта жашаган ар бир жанга тазалык жыйымын чогултуп, жергиликтүү бюджетке төлөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.

3.     Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.

Төрага

С. Бектемир уулу