Редакцияот 07.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү III CЕССИЯСЫ

2025-жылдын 7-февралындагы №3/18 

 

Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз айылынан электр трансформаторун орнотуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз айылынан электр трансформаторун орнотуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү I I I   сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз айылынан кубаттуулугу 400 кВт электр трансформаторун орнотуу үчүн Мамыров Зарлык көчөсүнүн №27 үйүнүн жанынан муниципалдык жер аянтынан 16 мКв жер аянты бөлүнүп берилсин.

2.     Жогорудагылардын негизинде иш алып баруу жагы Нарын электр тармактар ишканасынан суралсын.

3.     Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.

Төрага

С. Бектемир уулу