Редакцияот 07.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү III CЕССИЯСЫ

2025-жылдын 7-февралындагы №3/19 

 

Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Нура айылынын 20 кожолук башчыларынын 2021-2022-жылдардагы “Эки-Нура” ИСКАКБне болгон карыздарын жоюу жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Нура айылынын 20 кожолук башчыларынын 2021-2022-жылдардагы “Эки-Нура” ИСКАКБне болгон карыздарын жоюу жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын директору К.Молдогазиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү I I I   сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын Орто-Нура айылындагы 20 кожолук башчыларынын 2021-2022-жылдардагы жалпы 53 571 сом карыздары жоюлсун.

2.     Жогорудагылардын негизинде иш алып баруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын директору К.Молдогазиевге тапшырылсын.

3.     Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.

Төрага

С. Бектемир уулу