Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЖЫ-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

7-чакырылыштагы Кажы-Сай айылдык кеңешинин 6-сессиясы

2023-жылдын 24-февралы № 3

07.07.2021-жылдагы №28 Кажы-Сай айылдык Кеңешинин токтомуна өзгөртүү

киргизүү жөнүндө

 

  Кажы-Сай айылдык депутаттар кеңеши токтом кылыт:

 

1. Кажы-Сай айылдык кеңешинин 07.07.2021-жылдагы №28 токтомунун башкы текстиндеги № 11,19,38 контурлары жана токтомдун 1(биринчи) пунктунан алынып салынсын.

2.Токтомдун 1(биринчи) пунктундагы “Айыл чарба багытындагы” жерлеринин категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери”категориясына которуу тапшырмасы Жер кодексинин 13 беренесинин негизинде айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин деген сөзүнүн оордуна “Айыл чарба багытындагы” жерлеринин категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери”категориясына которууга макулдук берилсин деп өзгөрүү киргизилсин.

3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинен бекитип берүү жагы суралсын.

4.Бул токтомду аткаруу жагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн жер турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар адиси Т.Сарыбаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

И.Акунов