Редакцияот 11.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын

кезектеги 7- отурумунун (сессиясы)

 

2024-жылдын 11-январы № 7-1/2

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2024- жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана комуналдык чарбаларга акча каражатын  бөлүү жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетин бөлүүдө, айылдык Кеңештин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккандыгын эске алып, жалпы Кеңештин караоосунан кийин айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен төмөндөгү көрсөтүлгөн жумуштарга жана материалдарга 9718100 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

Анын ичинен төмөнкүлөргө бөлүнсүн:

- 84500 сом Айыл аймагынын ичин көрктөндүрүүгө.

- 50000 сом Айыл аймактын ичиндеги таштандыларды чыгарууга.

- 350000сом Айыл өкмөткө караштуу социалдык мекемелерди мамлекеттик камсыздандырууга.

- 40000 сом Кичик-Алай айылынын ички жолдорун оңдоого.

- 50000 сом Байыш участкасынын Ынтымак көчөсүн оңдоого.

- 250000 сом Жарандык коргоого жана өзгөчө кырдаалдарга.

- 1468500 сом Долбоорлорду даярдаганга.

- 200000 сом Эпзотикалык абалды туруктуу кармоо үчүн.

- 102500 сом Федоров атындагы айылынын ички арыктарын тазалоого.

- 158000 сом Жар-Коргон айылынын Кара-Бадал ички арыгын тазалоого.

- 19800 сом Жаңы-Базар айылынын ички арыктарын тазалоого.

- 77500 сом Чеч-Дөбө айылынын ички арыктарын тазалоого.

- 87000 сом Жаңы-Базар айылынын М. Исаков көчөсүнө мамыча, чубалгы алууга

- 117800 сом Жаңы-Базар айылынын С. Паязов көчөсүнө мамыча, чубалгы алууга

- 109400 сом Жаңы-Базар айылынын Тынаев көчөсүнө мамыча, чубалгы алууга

- 287000 сом Жар-Коргон айылынын А. Абдыкалыков көчөсүнө мамыча, чубалгы жана траверс сатып алууга

- 180000 сом Байыш участкасына мамыча, чубалгы алууга

- 1460000 сом Кожоке айылына таза сууга резервуар курууга.

 -    70000 сом      Кичик-Алай айылын жарыктандырууга. 

- 60000 сом Кичик-Алай айылындагы социалдык обьектини оңдоого.

- 110000 сом Мадания үйүн оңдоого.

- 160600 сом Лозунг жаздырууга жана жарнак кагаздарына

- 1955500 сом Айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчалардын тамак ашына.

- 250000 сом Айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчаларды оңдоого.

- 450000 сом Айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчалардын башка чыгымдарына.

- 500000 сом Айыл өкмөтүнө караштуу мектептерди жыл ичинде оңдоого.

- 50000 сом К. Жолдошов атындагы орто мектебинин башка чыгымына.

- 520000 сом М.В.Ломоносов атындагы орто мектебинин жылытуу системасына өздүк салым үчүн.

- 500000 сом Алтын- Казык орто мектебинин чатырын капиталдык оңдоого.

2. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын

Төрага

Н. Жолдошов