Редакцияот 11.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын

кезектеги 7- отурумунун (сессиясы)

 

2024-жылдын 11-январы № 7-3

“Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023- жылдан  калган калдык акча каражатынын 2024-жылга бөлүнүшү  жөнүндө”

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  2023-жылдан калган калдык акча каражатын  2024-жылга иштетүү боюнча  Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин  Экономика, бюджет, соода  жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып  чыгылган. Кыргыз Республикасынын  Бюджет кодексинин 44-беренесинин 4 пунктуна ылайык  Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңеши жалпы кеңеште карап  чыгып

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

         1.  Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-жылдан бюджеттик счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары  10030,2 миң сом жана атайын каражат эсеп счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары  86,4 миң сом өлчөмүндө  бекитилсин.

          2. 2023-жылдан калган калдык акча каражаттан  167,41га жер тилкесин тансформация кылууга, жер мунапысынын объектилерин бүтүрүүгө керектелүүчү ишкагаздарына жана калган акча каражаттарын чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге  ылайык берилсин.

           3. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин  мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.                   

          4. Бул токтомдун аткарылышы  көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңешинин  экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк  боюнча туруктуу комиссиясы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

Төрага

Н. Жолдошов

 

Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги  7-отурумунун №7-3 токтомуна  № 1 тиркеме

Н.Исанов атындагы өкмөтүнүн 2023-жылдан бюджетик счетунан жана атайын каражаттардан калган  калдык акча каражаттарынын   2024-жылына чыгымдалышы

 

№

                                              Чыгашалардын аталышы

Сумма миң сом

1

Ноокат СЭС иканасынын кредитордук акысына

25,4

2

Ош мамлекеттик архив ишканасынын кредитордук акысына

10,0

3

ОсОО Нефтяная компания Сервис ишканасына күйчүү майдан калган аласасына

18,3

4

Айыл өкмөтүнүн кеңсесине электр жабдыктарын алууга

200,0

5

ЖПБнин 2023-жылдан калган акча каражаттарын башка чыгымдарга жумшоого

163,6

6

167,41 га жер тилкесин трансформация кылуу үчүн гипро зем, архитектуралык жана жер мунапысына керектелүүчү иш кагаздарына

1601,9

7

Долбоор даярдаганга                                      

31,5

8

Айыл өкмөтүнүн жаңы конуштарына ген. план чыздырууга

1000,0

9

«Омор Плюс» ишканасына айылдарга шагыл төшөөнүн кредитордук аласасына

83,9

10

Кичик-Алай айылынын ички  жолдорун оңдоого 

28,7

11

Көк-Бел ооруканасын оңдоого

160,0

12

Айыл аймактын ички жолдорун оңдоого

250,0

13

Федоров атындагы айылынын Карабаш участкасына агын суу насосун (мотор) алууга

550,0

14

ОАО «Завод ЖБИ-4» ишканасынан социалдык обьект курууга керектелүүчү материалдарды алуу кредитордук акысына

482,4

15

Айыл өкмөттүн кеңсесинин жанына парк курууга

1000,0

16

Жаңы-Базар айылындагы өрт өчүрүүчү имаратына

800,0

17

Федоров атындагы айылдын таза суу линиясын тартуунун өздүк салымына

300,0

18

Чеч-Дөбө айылына спорт комплексин куруунун өздүк салымына

750,0

19

Жар-Коргон айылынын таза суусуна кошумча түтүкчө тартууга

600,0

20

Федоров атындагы айылынын Б. Алибаев, Т. Үсөнбаев, Алтын-Казык, Сулайман Ата көчөлөрүнө таза суу тартууга

490,0

21

Чеч-Дөбө айылынын ички арыгына лоток сатып алууга  

1000,0

22

Жаңы-Базар айылындагы социалдык обьектинин жанына мамыча жана башка чыгымдарына 

95,0

23

Жаңы-Базар жана Чеч-Дөбө спорт залындагы машыгуучу аз камсыз болгон балдарга кошумча төлөөгө

250,0

 

 Бюджеттин жалпысы

10030,2

1

Атайын каражаттарга

      86,4

 

 Жалпысы

10116,6

Катчы

М.Маматов