Редакцияот 20.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү IV CЕССИЯСЫ

2025-жылдын 20-февралындагы №4/4 

 

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-декабрындагы №10/6 токтомуна өзгөртүү-толуктоо киргизүү жөнүндө

 

          Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Чет-Нура айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобону бекитүү тууралуу 2017-жылдын 29-декабрындагы №10/6 токтому менен бекитилген жобосуна өзгөртүү-толуктоо киргизүүжөнүндө Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз  I V   сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Чет-Нура айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобону бекитүү туураалуу 2017-жылдын 29-декабрындагы №10/6 токтому менен бекитилген жобосу өзгөртүлүп, толукталып кабыл алынсын. (Өзгөртүлгөн жобо тиркелет)

2. Өзгөртүлүп кабыл алынган жобого ылайык иш алып баруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы Э.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.

Төрага

С. Бектемир уулу