Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 145 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын (мындан ары - кызматчылар) донорлордун(*) каражаттарынын эсебинен окутууга жиберүү боюнча мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоо жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартибин жөнгө салат.
2. Бул Жобонун максаты болуп окутуунун ачыктыгын камсыз кылуу, окутуунун кайталанышын жоюу, кызматчыларды чет өлкөдө окутуу процессинде алган билимдерин жана көндүмдөрүн натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле алардын мамлекеттин алдындагы милдеттенмелерин аткаруусу болуп саналат.
3. Донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу чет өлкөлөрдө да, Кыргыз Республикасынын аймагында да жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- үч айга чейинки мөөнөттө кыска мөөнөттүү окутуу программаларын;
- үч айдан бир жылга чейинки мөөнөттө орто мөөнөттүү окутуу программаларын;
- бир жана андан ашык жыл мөөнөттө узак мөөнөттүү окутуу программаларын.
5. Бул Жобо иштеп жаткан долбоорлордун алкагында окутууга жиберилген кызматчыларды окутууга жайылтылбайт, алар боюнча мамлекеттик органдар (мындан ары - маморгандар) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) түзүлгөн макулдашууларга/келишимдерге ылайык аткаруучу агенттиктер катары чыгат.
2-глава. Донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу маселелери боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартиби
6. Донорлордун каражаттарынын эсебинен жалпы багыт боюнча окутуу маселелерин координациялоо Кыргыз Республикасынын тышкы саясат маселелери боюнча мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан ишке ашырылат.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган окутуу маселелерин координациялоону мамлекеттик органдарынын жана ЖӨБОнун өкүлдөрүнүн, донордук жана эксперттик коомчулуктун макулдашуу боюнча катышуусу менен Кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо боюнча кеңешти (мындан ары - Кеңеш) түзүү жолу менен ишке ашырат.
Кеңештин жеке курамы Кеңештин төрагасы болуп эсептелген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
8. Кеңеш донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну пландоо, натыйжалуулугун талдоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу аркылуу координациялоону жүзөгө ашырат. Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
9. Донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу маселелери боюнча Кеңеш чыгарган чечимдер жана сунуштар төмөнкү органдар тарабынан эске алынат:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен окутуу үчүн мамлекеттик заказдын долбоорун түзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан;
- окутуунун ведомстволук планын түзүүдө жана донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууга талапкерлерди тандоодо маморгандар жана ЖӨБО тарабынан.
10. Кызматчылардын донорлордун эсебинен окутууга тиешелүү маселелер боюнча эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен донорлордун ортосунда түзүлөт.
11. Жалпы багыт боюнча окутуу ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык тизмек боюнча ишке ашырылат.
Тизмек маморгандардын жана ЖӨБОнун кызматчыларды окутуудагы жыл сайын аныкталган муктаждыктарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан толукталышы мүмкүн.
12. Донорлордун каражаттарынын эсебинен ведомстволук багыт боюнча окутууга кызматчыларды тандоо жана жиберүү маморгандар жана ЖӨБО тарабынан өз алдынча ишке ашырылат.
3-глава. Донорлордун каражаттарынын эсебинен кызматчыларды окутуу боюнча ишти уюштуруу
13. Маморгандар жана ЖӨБО донорлордон кызматчыларды жалпы багыт боюнча окутууга маалыматты жана/же чакырууларды алгандан кийин беш жумуш күндөн кечиктирбестен аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет жана донорлорго кабарлайт.
Маалыматтар жана/же чакыруулар ведомстволук сайтта көрсөтүлгөн даректеги электрондук почта боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилиши мүмкүн.
14. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алдыдагы окутуу жөнүндө маалыматты алгандан кийин мамлекеттик органдарга жана ЖӨБОго талапкерлерге суроо-талап жиберет.
15. Маморгандардын жана ЖӨБОнун кадрдык бөлүмдөрү муктаждыктардын негизинде жана окутуунун ведомстволук планына ылайык талапкерлерди тандашат.
16. Окутуудагы муктаждыктарды аныктоодо жана талапкерлерди тандоодо тармакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана улуттук өнүгүү программаларын ишке ашыруу боюнча чараларды эске алуу зарыл.
17. Тандалып алынган талапкерлердин тизмеси суроо-талапты алгандан кийин он жумуш күндөн кечиктирбестен маморгандар жана ЖӨБО тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
18. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган талапкерлердин акыркы тизмесин түзөт жана кароо үчүн донорлорго, ошондой эле маалымат үчүн тышкы иштер жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жөнөтөт.
19. Окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында маморгандардын жана ЖӨБОнун кадрдык бөлүмдөрү донорлордун каражаттарынын эсебинен өткөрүлгөн окутуу курстарына талдоо жүргүзөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды берет.
20. Өткөрүлгөн окутуу курстарын маморгандардын жана ЖӨБОнун окутууга муктаждыктары, маморгандардын жана ЖӨБОнун тармактык максаттары жана милдеттери, ошондой эле улуттук өнүгүү программаларын ишке ашыруу боюнча чаралары менен салыштыруунун негизинде талдоо жүргүзүлөт.
21. Маморгандар жана ЖӨБО кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу жөнүндө отчетту жана ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлгөн талдоонун натыйжаларын жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыктары боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин электрондук жана кагаз түрүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырышат.
22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маморгандардан жана ЖӨБОдон алынган окутуу жөнүндө жыйынтыктоочу маалыматтын негизинде кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууга жалпыланган талдоо жүргүзүп, жалпы сунуштарды иштеп чыгат.
23. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өткөрүлгөн окутуу курстары боюнча жалпыланган маалыматты, талдоону, кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды Кеңештин талкуусуна жана кароосуна киргизет.
24. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган донорлордун каражаттарынын эсебинен окутулган кызматчылардын маалымат базасын жүргүзөт.
25. Кызматчыны донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу кайра даярдоодон өтүү же квалификациясын жогорулатуу катары каралат.