Редакцияот 20.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү IV CЕССИЯСЫ

2025-жылдын 20-февралындагы №4/5 

 

Чет-Нура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын айрым жарандарга ыйгаруу жөнүндө

 

          Чет-Нура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын айрым жарандарга Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-февралындагы №4/5 токтому менен өзгөртүлүп бекитилген “Чет-Нура айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобого ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын элдик жыйналышынын протоколу менен жана Чет-Нура  айыл өкмөтүнүн кайрылуусунуну негизинде сунушталган жарандарды талкуулап, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык  кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чет-Нура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы Иманкулов Токтомамбет Жусубалиевичке, Иманалиев Алмасбек Мортуковичке, Жакенов Ниязбек Жакеновичке, Чоңатаев Моңолдорго , Чакиева Жээнбүбүгө ыйгарылсын.  

2. Чет-Нура айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылган жарандарды сыйлоону уюштуруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Э.Султанбек уулуна тапшырамын.

3. Токтомдун аткаралышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

С. Бектемир уулу