Редакцияот 04.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2021-жылдын 4-майы № 192

Кыргыз Республикасынын Саламаттык

сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин

алдындагы Улуттук хирургиялык борборго академик

Мамбет Мамакеевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

Белгилүү кыргыз окумуштуусу, хирург, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасынын ээси, ата мекендик хирургияны өнүктүрүүгө жана калыптандырууга орчундуу салым кошкон Мамбет Мамакеевдин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 1 чечимин көңүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Улуттук хирургиялык борборго академик Мамбет Мамакеевдин ысымы ыйгарылсын жана ал мындан ары "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы академик Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борбор" деп аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өт-көндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 18-майындагы № 61 (3240) саны менен жарыяланды

 

 

Премьер-министр

У.А.Марипов