КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
2023-жылдын 14-июлундагы № 4
Акча каражатын жылдырып берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 14.07.2023-жылдын №01-19/700 чыгыш сандуу 3-пунктунда Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу имараттарды утурумдук оңдоодон өткөрүүгө акча каражатын жылдырып берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 07.06.2023-жылдын №01-19/700 чыгыш сандуу кайрылуусунун 3-пункту эске алынсын.
2. Бала бакчалардын ар кандай чыгымдар беренесинен 130 000(жүз отуз миң) сом акча каражатынан бала бакчалардын имаратын утурумдук оңдоодон өткөрүүгө жылдырып берүүгө уруксат берилсин.
3. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу жалпы негизги билим берүү мектебинин ар кандай чыгымдар беренесинен имараттарды утурумдук оңдоодон өткөрүүгө 80 000 (сексен миң) сом акча каражаты жылдырып берүүгө уруксат берилсин.
4. Айылдык китепканалардын утурумдук оңдоодон үнөмдөлгөн акча каражатынан 10 000 (он миң) сом айылдык маданият үйлөрүнүн утурумдук оңдоодон өткөрүүгө жылдырып берилсин.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.
Төрага |
| М.Ш. Аликеев |