Редакцияот 14.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы

 

2023-жылдын 14-июлундагы № 7

 

 

Сатарбек уулу Рысдөөлөткө акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 14.06.2023-жылдын №01-19/505 чыгыш сандуу Айгыр-Жал айылынын тургуну Сатарбек уулу Рысдөөлөттүн салып жаткан үй тамын бүтүрүп берүүгө акча каражат сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 14.06.2023-жылдын №01-19/505 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын тургуну Сатарбек уулу Рысдөөлөттүн салып жаткан үйүнүн уста акысын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин эсебинен айыл өкмөтүнүн аймагындагы колдоого муктаж жарандарга үй-там салып берүүгө бөлүнгөн 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражатынан 50 000 (элүү миң) сом бөлүнүп берилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго, ФЭБ бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

М.Ш. Аликеев