Редакцияот 14.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы

 

2023-жылдын 14-июлундагы № 9

 

 

“Нур Билим” мектепке чейинки билим берүү уюмуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

“Нур Билим” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору С.Алымкулованын 06.06.2023-жылдын №9 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылында жайгашкан “Нур Билим” мектепке чейинки билим берүү уюмунун балдар уктоочу эки бөлмөсү жана балдар чай ичүүчү бир бөлмөсүнүн полун оңдоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы токтом кылат:

 

1. “Нур Билим” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору С.Алымкулованын 06.06.2023-жылдын №9 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2. “Нур Билим” мектепке чейинки билим берүү уюмунун балдар уктоочу эки бөлмөнүн жана балдар чай ичүүчү бир бөлмөнүн полун оңдоого Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн активдер жана милдеттемелер беренесинен үнөмдөлгөн суммасынан керектелүүчү акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

М.Ш. Аликеев