КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
2023-жылдын 14-июлундагы № 13
Үй салууга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын тургуну топтогу майып Дөлөдияров Эсенаман Сарбашовичтин 14.07.2023-жылда үй-там салып берүү жөнүндө жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын тургуну Дөлөдияров Эсенаман Сарбашовичтин 14.07.2023-жылдагы кайрылуусу эске алынсын .
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын тургуну II- топтогу майып Дөлөдияров Эсенаман Сарбашовичтин үй-там салуусуна Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин эсебинен айыл өкмөтүнүн аймагындагы колдоого муктаж жарандарга үй-там салып берүүгө бөлүнгөн 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражатынан 100 000 (жүз миң) сом бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төрага |
| М.Ш. Аликеев |