Редакцияот 11.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын

кезектеги 7- отуруму (сессиясы)

 

2024-жылдын 11-январы № 7-5

Н.Исанов айыл аймагында жайгашкан электр чубалгыларына жана унаа жолдоруна коопсуздук жараткан бак- дарактарды бутоого макулдук берүү жөнүндө

Исанов айыл аймагында жайгашкан электр чубалгыларына жана унаа жолдоруна коопсуздук жараткан бак-дарактарды бутоо боюнча айыл башчыларынын жана айыл тургундарынын билдирүүлөрүнө негиз  айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, айылдык Кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндөгү мыйзамынын 27- беренесине  ылайык Н. Исанов айыл аймагына караштуу электр чубалгыларына жана унаа жолдоруна тоскоолдук жараткан бак-дарактарды Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресустары жана экология техникалык көзөмөл министирлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын уруксаты менен бутоого  макулдук берилсин.
  1. Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресустары жана экология техникалык көзөмөл министирлигинин Ош регионалдык башкармалыгынан уруксат алуу жагы Н. Исанов айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл башчыларына  жана  айыл чарба жерге жайгаштыруу туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Н. Жолдошов