Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын
кезексиз 8-отуруму (сессиясы)
2024-жылдын 02-марты №8-3
« Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Күңгөй-Кожоке, Жар-Коргон айылдарындагы көчөлөрүнүн аты жок көчөнүн атына ат коюу» жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Күңгөй-Кожоке, Жар-Коргон айылдарындагы аты жок көчөгө Рашид уулу Арзыбектин үйүнөн Исабек уулу Кудуретке чейин Алтын- Казык, Кушуев Мураталинин үйүнөн Талант уулу Азиретке чейин Кошуев Баатыр, Жороев Сабырдын үйүнөн Адилбек уулу Мухамбетумарга чейин Мурас көчөсү Сейдахмат уулу Шабданбектин үйүнөн Умаров Мансурга чейин Береке көчөсү Арапов Бактиярдан Назаров Манаска чейин Ак-Өргө көчөсү Асамидин уулу Авазбектен Жороев Раимжанга чейин Келечек көчөсү Мусайдилла уулу Найзабектен Закиров Умарга чейин Эрмуратов Газы көчөсү Зулпукааров Раимжандан Зулунов Жеңишке чейин Сары- Талаа Жар- Коргон айылынын К. Жолдошов мектебинин күн чыгыш тарабындагы жаңы көчөгө Жапаров Баатырдын үйүнөн Ысманов Бактиярдын үйүнө чейин Айдаров Ысмайылдын аттарын коюу К.Каленов, М.Мөнөковдордун билдирүүлөрү жана айыл тургундарынын кайрылуулары негиз, Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, Н. Исанов айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Күңгөй-Кожоке, Жар- Коргон айылдарындагы аты жок көчөгө Рашид уулу Арзыбектин үйүнөн Исабек уулу Кудуретке чейин Алтын- Казык, Кушуев Мураталинин үйүнөн Талант уулу Азиретке чейин Кошуев Баатыр көчөчсү, Жороев Сабырдын үйүнөн Адилбек уулу Мухамбетумарга чейин Мурас көчөсү, Сейдахмат уулу Шабданбектин үйүнөн Умаров Мансурга чейин Береке көчөсү, Арапов Бактиярдан Назаров Манаска чейин Ак-Өргө көчөсү, Асамидин уулу Авазбектен Жороев Раимжанга чейин Келечек көчөсү, Мусайдилла уулу Найзабектен Закиров Умарга чейин Эрмуратов Газы көчөсү, Зулпукааров Раимжандан Зулунов Жеңишке чейин Сары-Талаа, Жар- Коргон айылынын Сары жайык жайлоосуна бараткандан баштап Төлөнбай уулу Анарбайга чейин Кара-Таш, К. Жолдошов мектебинин күн чыгыш тарабындагы жаңы көчөгө Жапаров Баатырдын үйүнөн Ысманов Бактиярдын үйүнө чейин Айдаров Ысмайылдын атын коюу жөнүндө К. Каленов, М. Мөнөковдордун билдирүүлөрү жана айыл тургундарынын кайрылуулары канааттандырылсын.
2.Күңгөй-Кожоке айылындагы аты жок сегиз көчөсүнө Алтын-Казык, Кошуев Баатыр, Мурас, Береке, Ак-Өргө, Келечек, Эрмуратов Газы, Сары-Талаа атына жана Жар-Коргон айылындагы эки көчөгө Кара-Таш, Айдаров Ысмайылдын аттары көчөлгө ыйгарылсын.
3.Күңгөй-Кожоке айылындагы аты жок сегиз көчөсүнө Алтын-Казык, Кошуев Баатыр, Мурас, Береке, Ак-Өргө, Келечек, Эрмуратов Газы, Сары-Талаа атына Жар- Коргон айылынын Сары жайык жайлоосуна бараткандан баштап Төлөнбай уулу Анарбайга чейин Кара-Таш, Жар-Коргон айылынын К.Жолдошов мектебинин күн чыгыш тарабындагы жаңы көчөгө Жапаров Баатырдын үйүнөн, Ысманов Бактиярдын үйүнө чейин, Айдаров Ысмайылдын аты берилген көчөнүн иш кагаздарын даярдоо үчүн кадастр мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан уруксат алуу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адис М.Маликовго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жолдошов |