Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын
кезексиз 8-отуруму (сессиясы)
2024-жылдын 02-марты №8-5
Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу ички жолдордун, арыктардын четиндеги унаа жүрүүгө тоскоолдук жараткан , мыйзамсыз отургузулган дарактарды бутоого, карып эрозияга учураган эски дарактарды кыйып жаш көчөттөрдү отургузуу жана жолду кеңейтүү жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл аймагындагы айыл аймагына караштуу айылдардын ички арыктарына суу келүүнү бөгөт коюп мыйзамсыз эгилген бак-дарактарды, жол четинде мыйзамсыз эгилген унаа жолуна, электр энергиясына тоскоолдук кылган бак-дарактарды бутоого жана эскирип, карып эрозияга учурай баштаган дарактарды Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» №123 Мыйзамынын 27-беренесине негиз кыюу тууралуу депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Н. Исанов атындагы айыл аймагындагы айыл аймагына караштуу айылдардын ички арыктарына суу келүүнү бөгөт коюп мыйзамсыз эгилген бак-дарактарды, жол четинде мыйзамсыз эгилген унаа жолуна, электр энергиясына тоскоолдук кылган бак-дарактарды бутоого жана эскирип, карып эрозияга учурай баштаган дарактарды Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» №123 Мыйзамынын 27-беренесине негиз кыюу макулдук берилсин.
2.1-пунктта көрсөтүлгөндөй бак-дарактарды кыюу үчүн мыйзам чегинде иш алып барып, Ош регионалдык экология башкармалыгынан айыл өкмөтүнө тарабынан уруксат суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Ташиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жолдошов |