Редакцияот 02.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын

кезексиз 8-отуруму (сессиясы)

 

2024-жылдын 02-марты №8-6

«Кожоке айылынын З. Исаев көчөсүндө жайгашкан, таза суу кампасы куруу үчүн көрсөтүлгөн 0,05га жерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө»

Н.Исанов айыл өкмөтүнө караштуу Кожоке айылынын З. Исаев көчөсүндө жайгашкан, таза суу кампасын куруу үчүн сунушталган 0,05 га жерди трансформациялоого Кожоке айылынын айыл башчысы У. Абдырахмановдун билдирүүсүнө, Исанов айыл өкмөтүнүнүн №01-19/82 сандуу катына Ноокат райондук архитектура башкармалыгынын 2024-жылдын 27- январындагы № 25 корутундусуна негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш токтом кылат:

 

1.Н.Исанов айыл өкмөтүнө караштуу Кожоке айылынын З.Исаев көчөсүнө суу кампасын куруу үчүн сунушталган 0,05 га жерди жайыт категориясынан тийиштүү категорияга өзгөртүлүүсүнө макулдук берилсин. Жер тилкесинин категориясын өзгөртүү боюнча Ноокат райондук жер комиссиясына сунушталсын.

 

2.Жер тилкеси категориясы өзгөртүлгөн соң, муниципиалдык менчике алынып, тийиштүү юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына, жер боюнча башкы адиске милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Н. Жолдошов