Редакцияот 02.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 2-августу № 101

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын

4-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасында Качкындар

менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасында Качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жободо:

- 6-пунктунда:

биринчи абзацындагы "ушул токтомдун 5-тиркемесине" деген сөздөр "ушул Жобонун 1-тиркемесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. Адам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пунктта өтүнүч берүү каалоосун билдирген учурда иммиграциялык контролдоо органынын ыйгарым укуктуу кызматкери:

- купуялуулук шарттарын сактоо менен адамга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө өтүнүч менен кайрылуу тартибин түшүндүрөт;

- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча толтуруу үчүн өтүнүчтүн бланкын берет;

- өтүнүчтү берүү зарыл болгон ыйгарым укуктуу органдын дарегин жана байланыш маалыматтарын билдирет, же болбосо адамдын каалоосу боюнча "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдө андан ары ыйгарым укуктуу органга кайра жиберүү үчүн өтүнүчтү кабыл алат;

- адамдын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүгө укук берүүчү жарактуу документтери болгон учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрөт.

Адамдын кирүүгө тийиштүү уруксаты же ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи жок болгон, же болбосо жасалма документтерди колдонгон учурда иммиграциялык контролдоочу органдар аны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пункттагы убактылуу кармап турган жерге төмөнкү максатта жайгаштырат:

- ким экендигин аныктоо жана идентификациялоо;

- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер жок кылынган же жасалма документтер колдонулган учурларда териштирүүлөрдү жүргүзүү;

- улуттук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо.

Ошол эле учурда иммиграциялык контролдоочу органдар өтүнүч берген адамдын убактылуу кармап турган жерге жайгаштырылганы жөнүндө ыйгарым укуктуу органга же анын аймактык түзүмдөрүнө убактысын, датасын жана маалыматты кабыл алуучунун маалыматтарын жазуу жүзүндө белгилөө менен маалымдашат.

Ыйгарым укуктуу орган факсимиль же башка байланыш аркылуу алынган маалыматты токтоосуз каттайт жана ырастайт, кызматкерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пунктка өтүнүчтү каттоо жана өтүнүчтү каттоо жөнүндө күбөлүктү (мындан ары - күбөлүк) берүү үчүн жиберет.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүгө укук берүүчү документтерисиз, качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адамдарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пунктта ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген күбөлүк андан ары качкын статусун аныктоо жол-жоболорун жүргүзүү үчүн адамдын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө негиз болуп саналат.

Иммиграциялык контролдоочу органдар ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын качкындар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аларга жүктөлгөн жол-жоболорго жетүү укугун, ошондой эле адамдын өтүнүчү боюнча БУУнун КЖКБ өкүлчүлүгү, анын өкүлү жана котормочусу менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн беришет.

Убактылуу кармап турган жерде болуу мөөнөтү 48 сааттан ашпоого тийиш.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пунктта мурда качкын статусун берүүдөн баш тартылган адам же качкын статусун жоготкон адам тарабынан берилген өтүнүчтөр убактылуу кармап турган жерде болуу мөөнөтү аяктаганга чейин каралат.";

- 9-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын;

- 10-пунктунда:

биринчи абзацындагы "ушул токтомдун 6-тиркемесине" деген сөздөр "ушул Жобонун 2-тиркемесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Өтүнүчтү каттоо өтүнүч берген адамдын жеке катышуусунда жүргүзүлөт.";

- 11-пунктунун биринчи абзацындагы "ушул токтомдун 7-тиркемесине" деген сөздөр "ушул Жобонун 3-тиркемесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 12-пунктунун биринчи абзацындагы жана 31-пунктунун биринчи абзацындагы "ички иштер органдарында" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Өтүнүч берген адам менен бирге келген адамдарга өтүнүчтү кароо мезгилинде 18 жашка толгон учурда күбөлүк берилет.";

- 14-пунктунун биринчи абзацындагы "же качкындын белгиленген үлгүдөгү каттоо карточкасын" деген сөздөр алып салынсын;

- II главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"II. Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү берүүнүн, каттоонун жана каттоодон баш тартуунун тартиби";

- II главасы төмөнкүдөй мазмундагы 201- 203-пункттар менен толукталсын:

"201. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү өтүнүчтү каттоодон төмөнкү учурларда баш тартышат:

1) эгерде адамга качкындар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте мурда аны качкын деп таануудан баш тартылса, кайрадан ачылган же жаңы жагдайлар жок болгон шартта.

Адамдын кайрадан берилген өтүнүчүн кароо үчүн ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү тарабынан ушул Жобонун 37-46-пункттарында каралган ченемдерге ылайык аңгемелешүү, арыз берүүчү тарабынан берилген маалыматты (арыз, аңгемелешүүнүн протоколу, мурда берилген иштин материалдары) туулган өлкөсүндөгү кырдаалды эске алуу менен талдоо жүргүзүлөт жана жаңы же кайрадан ачылган жагдайлардын бар же жок экендиги жөнүндө корутунду даярдалат.

Жаңы жагдайлар - бул мурда берилген өтүнүч боюнча чечим кабыл алынгандан кийин келип чыккан жагдайлар. Жаңы жагдайларга төмөнкү учурлар кирет:

- эгерде адам туулган мамлекетине кайтса жана куугунтуктоого кабылса;

- эгерде адамда туулган мамлекетинде ал жок учурунда андан көз карандысыз жагдайлар келип чыкса жана куугунтуктоонун курмандыгы болуп калууга негиздүү коркунучтар болсо;

- эгерде адамда "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинде каралган үй-бүлө биримдиги принцибине ылайык келген негиздер пайда болсо;

- эгерде адам туулган мамлекетинде куугунтуктоонун себеби болушу мүмкүн болгон динин, жынысын, саясий ынанымдарын өзгөртсө.

Кайрадан ачылган жагдайлар - бул мурда берилген өтүнүч боюнча чечим кабыл алуу учурунда болгон, арыз берүүчүгө белгисиз же белгилүү болуусу мүмкүн болбогон жагдайлар. Аларга ошол адамдын эркинен көз карандысыз жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн же жакын туугандарынын иш-аракеттери куугунтуктоого, анын ичинен арыз берүүчүнү куугунтуктоого негиз болгон учурлар кирет.

Жагдайларды кайрадан ачылган же жаңы деп таануу учурунда адам берген өтүнүч жалпы негиздерде катталат;

2) эгерде адам Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган оор кылмышы үчүн күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча соттолсо.

Жасаган оор кылмышы үчүн соттолгон адамдын өтүнүчүн каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү тарабынан соттун чечиминин же жазаларды аткаруу ыйгарым укуктуу органынын маалыматынын негизинде кабыл алынат;

3) эгерде адам мурда качкын статусуна ээ болсо жана өз ыктыяры менен Кыргыз Республикасынан туулган өлкөсүнө же үчүнчү өлкөгө туруктуу жашоого чыгып кетсе.

Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү тарабынан жарандыгы таандык болгон же туруктуу жашаган өлкөдө куугунтуктоо далилденген учурлардан тышкары, качкын статусун жоготуу материалдарынын негизинде качкын статусун жоготкон адамдын өтүнүчүн каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.

202. Адам мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүчү пунктка кайрылган учурлардан тышкары, өтүнүчтү каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.

203. Өтүнүчтү каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимге ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчиси кол коёт.";

- 27-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"Эгерде арыз берүүчү ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү менен байланышты жоготсо, алты айдын ичинде күбөлүктү өз убагында узартпаса жана анын турган жери аныкталбаса, анын өтүнүчүн кароо токтотулат.";

- 28 жана 29-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"28. Болгон материалдарды жана документтерди талдоодон кийин ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери себептерин көрсөтүү менен арыз берүүчүнүн өтүнүчүнүн негиздүүлүгү же негизсиздиги жөнүндө корутунду даярдашат.

29. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү берилген өтүнүчтүн материалдарын кароонун жыйынтыгы боюнча арыз берүүчүнү качкын деп таануу же аны качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алышат. Чечимге ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык түзүмүнүн жетекчиси кол коёт.";

- 30-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 31-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Качкындын 18 жашка толгон үй-бүлө мүчөсүнө качкын ырастамасы берилет.";

- 32-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"32. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү адамды качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө, ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча тийиштүү чечимдин көчүрмөсүн арыз берүүчүгө жеке кол койдуруу менен тапшырууга же баш тартуунун себебин жана кабыл алынган чечимди даттануу тартибин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү кабарлоону жиберүүгө тийиш.";

- 39-пунктунун биринчи абзацындагы "ушул токтомдун 9-тиркемесине" деген сөздөр "ушул Жобонун 5-тиркемесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 43-пунктунун биринчи абзацы "суроо баракчасына" деген сөздөрдөн мурда "ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык форма боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;

- 51-пунктунун биринчи абзацындагы "ушул токтомдун 10-тиркемесине" деген сөздөр "ушул Жобонун 6-тиркемесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 52-пунктунун биринчи абзацындагы "апелляциялык" деген сөз алып салынсын;

- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган Жобонун 5-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган Жобонун 6-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган Жобо ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда 7-тиркеме менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 6-августундагы № 85 (3264) саны менен жарыяланды

 

 

Төрага

У.А.Марипов

 

1-тиркеме

 

"Кыргыз Республикасында

качкындар менен иштөө жөнүндө

жобого 1-тиркеме

 

Ыйгарым укуктуу орган

__________________________________

__________________________________

__________________________________

 

ӨТҮНҮЧ

 

Мени Кыргыз Республикасынын аймагында качкын деп таанууну өтүнөм.

Аты-жөнү: ________________________________________________________________________

Жарандыгы таандык мамлекет: ______________________________________________________

Мурда жашаган өлкөсү (жарандыгы жок адамдар үчүн):

_________________________________________________________________________________

Туулган жери жана датасы: _________________________________________________________

Кыргыз Республикасында жашаган дареги: ____________________________________________

Ким экендигин аныктаган документ: __________________________________________________

Мени менен төмөнкүлөр кошо жүрөт (үй-бүлө мүчөлөрүн жана туугандык даражасын көрсөтүү):

1. ______________________________________________________________________________

2. ______________________________________________________________________________

3. ______________________________________________________________________________

4. ______________________________________________________________________________

 

Кайрылуунун себептери/жагдайлары (толук жазуу):

________________________________________________________________________________

________________________________________________________________________________

________________________________________________________________________________

________________________________________________________________________________

________________________________________________________________________________

________________________________________________________________________________

________________________________________________________________________________

________________________________________________________________________________

(өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастоочу документтер менен материалдар тиркелет жана ага Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 20-пунктунда каралган учурлардан сырткары, арыз берүүчү жеке өзү кол коёт).

 

"___" ________________ 20___-ж. Арыз берүүчүнүн колу".