Редакцияот 19.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын

кезексиз 9-отуруму (сессиясы)

 

2024-жылдын 19-марты № 9-2

Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы Участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) курамына (резерв) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн талапкер көрсөтүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы Участкалык (УШК) шайлоо комиссияларынын курамына (резерв) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнөн талапкер көрсөтүү жөнүндө” Ноокат Аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде аймактагы коомдук, жамааттык уюмдардын чогулуштарынын протоколдору, талапкерлердин документтери менен тапшырылып, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы Участкалык (УШК) шайлоо комиссияларынын курамына (резерв) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнөн көрсөтүлгөн талапкер тизмеси бекитилсин.(Тиркеме тиркелет)

2.Көрсөтүлгөн талапкерлердин өздүк документтери Ноокат АШКсына жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин укук, регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н. Жолдошов