Редакцияот 19.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын

кезексиз 9-отуруму (сессиясы)

 

2024-жылдын 19-марты № 9-3

Жаңы- Базар айылындагы күн чыгыш тарабындагы 0,90 га жер тилкедеги «Алике» мечитинин ичинен 4000 м2 жер тилкесине жаңыдан заманбап медресе куруу жөнүндө

Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Жаң-Базар айылындагы күн чыгыш тарабындагы 0,90 га жер тилкедеги « Алике» мечитинин ичинен 4000 м2 жер тилкесине жаңыдан заманбап медресе куруу жөнүндө имам Д.Ташбаев билдирүүсүнө негиз, айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жаңы-Базар айылынын күн чыгыш тарабындагы 0,90 га жер тилкесиндеги «Алике» мечитинин ичинен жаңыдан заманбап медресе куруу үчүн 4000 м2 жер тилкесине макулдук берилсин.

 

2.Жаңы-Базар айылынын күн чыгыш тарабындагы 0,90 га жер тилкесиндеги «Алике» мечитинин ичинен жаңыдан заманбап медресе куруу үчүн 4000 м2 жер тилкесине юридикалык иш кагаздарын даярдоо Ноокат шаар куруу жана архитектуура башкармалыгынан, Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан каттоого алуу айыл өкмөтү тарабынан суралсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Ташиевге жүктөлсүн.

Төрага

Н. Жолдошов