Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын
кезексиз 9-отуруму (сессиясы)
2024-жылдын 19-марты № 9-4
Административдик аймактык бирдиктердин чек арасынын схемалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Ноокат районунун Н.Исанов айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Н.Исанов айыл аймагынын 2011-жылдагы өкмөттөр аралык макулдашылган административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап, Н.Исанов айылдык аймагында административдик чек арасында өзгөрүү болбогондугун эске алып Н. Исанов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Н.Исанов аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Н.Исанов айылдык кеңешинин төрагасына жана Н.Исанов айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокат райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Н. Жолдошов |