Редакцияот 25.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КАРА-СУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

 

2022-жылдын 25-ноябрындагы № 3

 

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Райышбековдун кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Райышбековдун кайрылуусун карап, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Топ-Жангак айылындагаы Маданият үйүнүн ички жана сырткы оңдоо иштерине үлүштүк (дем берүүчү) грантка даярдалып жаткан 3 8276-00 миң сомдук долбоорго өздүк салым катары 2023-жылдагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 827 661-00 миң сом каражат бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын трагасы А. Алымкуловго жүктөлсүн.

 

 

Кара-Суу айылдык кеңештин төрагасы:

 

У.Жунусалиев