КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-сентябры № 168
Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибинде:
- 9.1-пунктундагы "административдик жоопкерчилиги" деген сөздөр "Салыктык эмес кирешелер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9.2. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органынын, анын аймактык бөлүктөрүнүн чечиминин негизинде ушул Тартипти бузуунун натыйжасында, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы белгилеген жөнгө салынуучу талаптардан четтөөнүн айынан кирешеден акчалай өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органынын, анын аймактык бөлүктөрүнүн алып коюу жөнүндө чечимин тапшырган күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө же Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы белгилеген мөөнөттө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы белгилеген жөнгө салынуучу талаптардан четтөөнүн айынан бюджеттик мекемелер жана уюмдар, ошондой эле аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алынган кирешеден акчалай өндүрүп алуу өз убагында чегерилбеген учурда, мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн өнбөгөн калдыктын өлчөмүнүн 0,09 процентине барабар өлчөмдө пеня эсептелет. Эсептелген пенянын жалпы суммасы эсептелген акчалай өндүрүү суммасынын өлчөмүнүн 100 процентинен ашпашы керек. Пеня Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 37-беренесинде каралган учурларда эсептелбеши мүмкүн.
Акчалай өндүрүп алууну өз убагында төлөө жана пеняны өндүрүп алуу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органынын жетекчилигине жүктөлөт.
Төлөөдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы, анын аймактык бөлүктөрү мыйзамсыз алынган кирешеден акчалай өндүрүп алууну, пеняны мажбурлап алып коюу жөнүндө сот органдарына доо арыз менен кайрылат.";
- 9.3-пунктундагы "айып салынат" деген сөздөр "акчалай өндүрүп алуу өндүрүлөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 "Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жободо:
- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Ушул Жобону бузуунун натыйжасында, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы белгилеген жөнгө салынуучу талаптардан четтөөнүн айынан алынган кирешеден акчалай өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органынын, анын аймактык бөлүктөрүнүн алып коюу жөнүндө чечимин тапшырган күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө же Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы белгилеген мөөнөттө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы белгилеген жөнгө салынуучу талаптардан четтөөнүн айынан чарбакер субъект тарабынан алынган кирешеден акчалай өндүрүп алуу өз убагында чегерилбеген учурда мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн өнбөгөн калдыктын өлчөмүнүн 0,09 пайызга барабар өлчөмдө үстөк эсептелет. Эсептелген үстөктүн жалпы суммасы эсептелген акчалай өндүрүү суммасынын өлчөмүнүн 100 пайызынан ашпашы керек. Үстөк Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 37-беренесинде каралган учурларда эсептелбеши мүмкүн.
Акчалай өндүрүп алууну өз убагында төлөө жана үстөктү өндүрүп алуу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органынын жетекчилигине жүктөлөт";
- 24-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын административдик иштер жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөр "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 21-сентябрындагы № 98 (3277) саны менен жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |