Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги

 41-сессиясынын

 

2024-жылдын 1-августу № 41/5

Жаңы-Алай айылынын И.Умаров көчөсүнө асфальт төшөө жөнүндө

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун баяндамасын угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай айылындагы И.Умаров көчөсүндөгү транспорт каражаттарынын жүрүшүнө кыйынчылыктарды жараткан узундугу 2 км 200 метр болгон автожолуна асфальт төшөө үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондунан суралсын.

2.Тиешелүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                    М.Макенов