Редакцияот 13.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги

 3-сессиясы

 

2025-жылдын 13-январы  №3/3

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1019,0 миң сом калган калдык акча каражатын кредитордук карыздарга жана 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин  сметасына  кирбей калган  төлөмдөргө иштетүү жөнүндө

 

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1019,0миң сом калган калдык акча каражатын кредитордук карыздарга жана 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына кирбей калган төлөмдөргө иштетүү боюнча Жаны-Алай айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаеванын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык кеңеши                   

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Алай  айыл өкмөтүнүн  2025-жылдын 1-январына карата  2024-жылдан пайдаланылбай калган 1019,0 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар-137,1миң сом) калдык  акча каражатын 2025-жылдын  бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.

 

2.2025-жылдын башына калган жергиликтүү бюджеттен 881,9 миң сом, атайын каражаттан калган 137,1 миң сом жалпы 1019,0 миң сом калдык бөлүмдөрдүн чыгаша беренелеринин планына тактоо киргизилип чыгымдалсын:

 

Бөлүм

Беренелердин аталышы

берене

Сумма

Аппарат       

Эмгек акы төлөө фондуна

2111

658,1

Аппарат

Социалдык фондко төгүмдөр

2121

98,6

Аппарат

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

12,1

Клуб

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

113,1

Балдар бакчасы

Тамак-аш азыктарын  алуу

2218

137,1

 

 

Баардыгы:

1019,0

 

3.Жергиликтүү бюджеттин 2025-жылдын 1-кварталы менен 1019,0 миң сомду бөлүмдөрдүн статьяларынын планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын  финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана  социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго, КЭБ башчысы А. Пармановго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

Ч. Таалайбеков