Редакцияот 13.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги

 3-сессиясы

 

2025-жылдын 13-январы  №3/4

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 12-июль 2024-жылдагы №381 токтомуна ылайык келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 12-июль 2024жылдагы №381 токтомуна ылайык келишимдин негизде жергиликтүү бюджеттин эсебинен штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндө Жаңы-Алай айылдык кеңеши                   

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы №381 токтомуна ылайык    келишимдин  негизде жергиликтүү   бюджеттин     эсебинен     штаттык бирдиктер киргизилсин.

 

2.2025-жылдын  жергиликтүү  бюджетинин сметасына киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын  финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

 

3.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 12-июль 2024жылдагы №381 токтомунун 2-тиркемесине ылайык  айлык акысы төлөнүп берилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго, КЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

Ч. Таалайбеков