Редакцияот 13.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги

 3-сессиясы

 

2025-жылдын 13-январы  №3/6

Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы 2025-жылга өнүгүү планын жана 2025-2028-жылдарга болжолдуу программасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүмчөсүнө   ылайык Жаңы-Алайайыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышын угуп, 2025-жылга өнүгүү планын жана 2026-2028-жылдарга болжолдуу программасын бекитүүнү карап,талкуулап Жаңы-Алай  айылдык кеңеши                    

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Алайайыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

 

2.2025-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы жана 2026-2028-жылдарга болжолдуу программасы бекитилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн статист-экономистине  (Ч.Бекишова) тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

Ч. Таалайбеков