Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-апрели № 196
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча маселелерди тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |