Редакцияот 21.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Чолпон-Ата шаардык Кенешинин XXХ чакырылышынын

  XXXI кезексиз сессиясы

 

 

2023-жылдын 21-декабрындагы  № 30/31-1

 

 

Чолпон-Ата шаары менен Бостери айыл аймагынын

биригүүсү жөнүндө

 

 

  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” №350 Жарлыгы,   Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын” 4.4-бөлүмүн ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйынынын  11.12.2023-ж   №Пр 0/122 Протоколунун  жана Чолпон-Ата шаарынын жүз башылары жана аксакалдарынын   20.12.2023-жылы болуп өткөн жыйындарынын чечимдеринин негизинде  Чолпон-Ата шаардык Кеңеши 

                                         

      ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Ысык-Көл облусунун аймагында жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагы менен Чолпон-Ата шаарынын  биригүүсүнө макулдук берилсин.

2. Чолпон-Ата шаары менен Бостери айыл аймагы бириктирилгенден кийин Чолпон-Ата шаары деп аталсын.

3. Бириктирилген  Чолпон-Ата шаары менен Бостери айыл аймагынын борбору Чолпон-Ата шаары деп белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен Чолпон-Ата шаарына өзгөчө статус берүү жагы суралсын.

 

 

Төрага

Б.Бакиров