Редакцияот 26.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 26-ноябры № 1/I-1

 

Кайыңды шаардык кеңешинде коалиция түзүү жөнүндө

 

        Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»  Мыйзамынын 10, 21 беренелеринин негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 1. “Ынтымак”, “Бирге-Вместе”, “Ишеним” саясий партияларынан коалиция түзүлсүн.

2.“Ынтымак”, “Бирге-Вместе”, “Ишеним” партияларынан  Кайрат Төрөканович Назарбеков коалициянын лидери болуп шайлансын.

3.“Эл – Аман”, “Жаны – Кыргызстан” саясий партияларынан коалиция түзүлсүн.

4.“Эл – Аман” , “Жаны – Кыргызстан”  партияларынан Жанарбек Нуржанович Капалов коалициянын лидери болуп шайлансын.

5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Кайыңды шаардык кеңешинин                               

сессиясынын төрагасы          

 

 

Ж.А. Орозумбеков