Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы №3-11
Айыл өкмөтү калкты таза ичимдик суусуна болгон муктаждыктарын чечүүдө атыйын фонддор менен тыгыз байланышта иш алып баруусу жөнүндө
С.Юсупова айыл өкмөтү райондун борборунда жайгашкандыктан, аймактын инфраструктурасын жакшыртууда, калкты таза ичимдик суусу менен камсыздоодо аткарылуучу иштерге жергиликтүү бюджетинин каражаттары жетишсиз болгондуктан айыл өкмөтү кошумча тышкы инвестицияларды тартуу, атайын фонддор менен тыгыз байланышта иш алып барып, айыл өкмөтүнө инвестицияларды жана гранттарды тартуу менен аймактагы эң көйгөйлүү маселелерин чечүү жөнүндө айылдык кеңешинин төрагасы М.Мамитовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, сөзгө чыккан депутаттардын ой пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен С.Юсупова айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Юсупова айыл өкмөтү жергиликтүү бюджетинен тышкары атайын фонддор менен тыгыз байнанышта иш алып барып, калктын таза сууга болгон муктаждыктарын чечүү жагы тапшырылсын.
2.Калкты таза ичимдик суусу менен камсыздоодо атайын таза ичимдик суу багытында иш алып барып жаткан фонддор аркылуу биргеликте долбоорлорду жазуу, каражаттарды табуу айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика,бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |