Редакцияот 21.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  IV  сессиясы

 

2025-жылдын 21-февралы №4-5

Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иштери  жөнүндө

 

Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Х. Байназарованын маалыматын, сөзгө чыккан депутаттардын ой-пикирлерин угуп, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгы менен таанышып чыгып,  С.Юсупова айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.   Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө”  Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы  № 296 Жарлыгын толугу менен аткарууга  алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

2.   Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө”  Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы  № 296 Жарлыгын айыл аймагынын тургундарына жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин алып баруусу айылдык кеңешинин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.

3.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика  маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго  жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

М.И. Мамитов