Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 3-апрели № 67
Ички суу транспорту жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
Ушул Мыйзамдын максаты болуп жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү суу транспорту менен ташууну, ошондой эле аны эксплуатациялоону камсыз кылууга багытталган, ички суу транспорту жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун укуктук негиздерин түзүү саналат.
1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам кемечиликти жүзөгө ашырууда, суу жолдорунда ар түрдүү кемелерди, анын ичинде республиканын суу жолдоруна кирбеген бардык көлмөлөрүндө чакан көлөмдүү кемелерди балык чарбалык, туристтик жана башка экономикалык максаттарда эксплуатациялоодо мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын ортосунда келип чыгуучу ички суу транспорту жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу менчигинин түрүнө карабастан ички суу транспорту жаатында ишин жүзөгө ашырган бардык жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.
3. Ушул Мыйзамда белгиленген ченемдер төмөнкүлөргө жайылтылат:
1) Кыргыз Республикасынын суу жолдоруна, көлдөрүнүн жана суу сактагычтарынын акваторияларына жана аларда жайгашкан курулмаларга;
2) Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде жайгашкан портторго, пристандарга, причалдарга, токтомо-базаларга жана суу транспортунун объекттерине;
3) Кыргыз Республикасынын суу жолдорунда жана суу обьекттеринде эксплуатациялануучу кемелерге жана сууда сүзүүчү объекттерге;
4) Кыргыз Республикасынын ар кандай суу объекттеринде балык чарбалык, туристтик жана башка экономикалык максаттар үчүн эксплуатациялануучу чакан көлөмдүү кемелерге жана сууда сүзүүчү ар кандай каражаттарга.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу менчигинин түрүнө жана таандыктыгына карабастан аскердик-көмөкчү, спорттук кемелерге жана сууда сүзүүчү каражаттарга да жайылтылат.
2-берене. Кыргыз Республикасынын ички суу транспорту жөнүндө мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын суу транспорту жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана ушул Мыйзамдан, ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
3-берене. Негизги түшүнүктөр менен терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) асма мотор - кеменин арткы бөлүгүндө жайгашкан, көбүнчө кичи кемелерге, ялдарга, сейилдөөчү шлюпкаларга, туристтик кемелерге, скутерлерге негизги кыймылдаткыч катары орнотууга арналган, кемеден абдан обочолонгон винттүү мотору бар орнотмо;
2) багаж - жүргүнчү ташуучуга өткөрүп берген ташуучу, бара турган пунктка жеткирүүчү мүлк;
3) жол жумуштары - түптү тереңдетүү, түздөө, тралдоо, түптү тазалоо, издөө иштери жана багыттама жабдуулардын каражаттарын суу жолдоруна жайгаштыруу жана карап күтүү боюнча башка жумуштар;
4) жүргүнчү - ташуучу менен келишимдик мамиледе болгон жана билетте же анын жол жүрүүгө укугун тастыктаган башка документте көрсөтүлгөн адам;
5) жээк тилкеси - экологиялык жана техникалык талаптарды сактоо менен багыттама белгилерди жана жабдууларды орнотуу үчүн суу объекттеринин жээк сызыгы боюнча ичкериге чейинки кургактыктагы тилке;
6) ички суу жолдорунун бассейнинин жана суу транспортунун администрациясы - мамлекеттик мекеме формасындагы, Кыргыз Республикасынын аймагында ички суу жолдорун, навигациялык жабдууларды карап күтүүнү, ошондой эле мамлекеттик порттук-причалы жана кеме контролун жүзөгө ашыруучу уюм;
7) капитан - кеме ээси тарабынан ишеним берилген, кеме экипажынын жалгыз башчысы жана жетекчиси болуп саналган адам;
8) кеме - кемечилик максатында пайдаланылуучу, өзү жүрүүчү же өзү жүрбөй турган сүзүүчү курулма, түптү тереңдетүүчү жана түптү тазалоочу снаряддар, паром, сүзүүчү кран жана сууда жүрүү каражаттары катары пайдаланылуучу ушул сыяктуу башка техникалык курулмалар;
9) кеме айдоо - суу жолдорунда сүзүп жүргөн кемелерди башкаруу менен байланышкан иш;
10) кеме китеби - кемелерди каттоо жүргүзүлүүчү китеп;
11) причал - кемелердин коопсуз жакындап келүүсү үчүн түзүлүштөрү бар жана кемелердин коопсуз токтоосу, аларга жүк салуу, жүк түшүрүү жана тейлөө, ошондой эле жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү үчүн арналган гидротехникалык курулма;
12) пристань - көлдөрдүн булуңундагы ички суу жолдорунда жээкке жакын жерде дарыя кемелерин токтотуу (токтоочу жай) үчүн атайын жабдылган жер. Пристань навигация мезгилинде жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү жана кайра жүктөө операциялары үчүн арналган;
13) кеме экипажы - атайын даярдыгы, квалификациясы жана кызмат ордун ээлөө укугуна тиешелүү документтери бар, кемеде жумуштарды аткарган адамдар;
14) кеме ээси (мындан ары - кеменин ээси) - кеменин менчик ээси болуп саналганына же аны мыйзамдуу негизде пайдаланып жатканына карабастан, кемени өзүнүн атынан эксплуатациялоочу юридикалык же жеке жак;
15) колдо жасалган кыймылдаткыч - кол эмгегин пайдалануу менен чыгарылган, тиешелүү сертификаты же болбосо документи болбогон кыймылдаткыч;
16) кемелердин реестри - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу негизде турган, тиби, багыты, жүк көтөрүмдүүлүгү жана сыйымдуулугу, классификациясы жана таандыктыгы боюнча ачык мамлекеттик кеме реестринде катталган ар түрдүү кемелердин жалпы тизмеги;
17) кеме жүрүүчү жол - бул суу жолдорундагы, анын чектерин көрсөтүүчү навигациялык белгилер орнотулган суунун үстү, анын чегинде белгилүү өлчөмдөгү кемелердин тоскоолдуксуз сүзүүсүнө жол берилет;
18) кемечилик - жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана алардын багыжын ташуу, сүйрөтүү, издөөлөрдү жүргүзүү, балык уулоо, курулуш, гидротехникалык, суу астындагы-техникалык жана башка иштерди, куткаруу операцияларын жүргүзүү, мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө, суу объекттерин коргоо, аларды булгануудан сактоо боюнча иш-чараларды өткөрүү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кемелерди пайдалануу менен байланышкан иш;
19) классификация - чакан көлөмдүү кемелерди классификациялоо органы тарабынан жүзөгө ашырылуучу, ЕАЭБ техникалык регламентинин талаптарына шайкештикти баалоонун түрү;
20) Кыргыз Республикасынын ички суу транспорту (мындан ары - суу транспорту) - жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн, ошондой эле оюн-зоок жана сейилдөө максаттарында (кемелер жана чакан кемелер) колдонулуучу транспорттун түрү;
21) Кыргыз Республикасынын суу жолдору (мындан ары - суу жолдору) - навиягациялык белгилер менен белгиленген жана кемечилик максатында колдонулуучу табигый же жасалма түзүлгөн жол каттамдары;
22) лоция - бул кеме айдоочулуктун навигациялык коркунучтары, суу жолдорунун навигациялык жабдууларынын каражаттары изилденүүчү бөлүмү, анын предмети болуп кемечилик муктаждыктарына карата суу жолдорун изилдөө саналат;
23) мамлекеттик кеме реестри - Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык кемелер, сүзүүчү каражаттар, сүзүүчү объекттер жана аларга карата укуктар катталуучу документ;
24) мамлекеттик контролдоочу орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, суу транспорту чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
25) навигация - суу жолдору кемечилик, ар кандай кемелерди жана сүзүүчү каражаттарды эксплуатациялоо үчүн ачык жана коопсуз болгон убакыт;
26) навигациялык жабдуулар - коопсуз кемечиликти камсыз кылууга, кеменин жайгашкан жерин аныктоого, ошондой эле анын кыймылын контролдоого арналган атайын сигналдык жана техникалык каражаттардын жана аспаптардын системасы;
27) порт - жер участогунда жана суу жолдорунун акваториясында жайгашкан жүргүнчүлөрдү жана кемелерди тейлөө, жүктөрдү жүктөө, түшүрүү, кабыл алуу, сактоо жана берүү, транспорттун башка түрлөрү менен өз ара аракеттенүү максатында шарт түзүлгөн жана жабдылган курулмалардын комплекси;
28) порттун акваториясы - кемелердин причалдарга келүүсү жана токтоп туруусу жана кемелер менен составдар жүк даярдалуусун же рейске жөнөтүү күткөн, ошондой эле керектүү операциялар аткарылган рейддерди уюштуруу үчүн кызмат кылган суу бетинин чектелген бөлүгү;
29) рейд - бул кемелердин якордук токтоп туруусу, маневр жасоосу же жүктөрдү кайра жүктөө үчүн арналган, порттун акваториясынын кеменин жүрүү жолунан тышкары бөлүгү;
30) суу велосипеди - сүзүүчү каражаттын корпусунда (корпустарында) отуруу үчүн атайын орундуктарда жайгашкан бир же андан көп адамды ташуу үчүн арналган, адамдын физикалык күчүн (винтти/винттерди же калак дөңгөлөктү/дөңгөлөктөрдү иштетүү жолу менен) колдонуу менен кыймылга келтирилүүчү сүзүүчү каражат;
31) суу транспортунун объекти - кемечилик жагдайынын навигациялык белгилери менен белгиленген кеменин жүрүү жолун, навигациялык жабдуулардын каражаттар, портторду, пристандарын, жүргүнчү терминалдарын, порттордун тосмо, жээк бекемдөөчү гидротехникалык курулмаларын жана причалдарын, токтотмо-базаларын өзүнө камтыган объект;
32) калкып жүрүүнү объект - кеме болуп саналбаган жана кемеде жүрүү максатында пайдаланылбаган калкып жүрүүчү жасалма курулма, анын ичинде дебаркадер, үй кайыгы, понтон, плот, калкып жүрүүчү көпүрө, калкып жүрүүчү жээк курулмасы ушул сыяктуу жана башка техникалык курулмалар;
33) ташуучу - ташуу келишими боюнча жүктү, жүргүнчүлөрдү жөнөө пунктунан баруу пунктуна жеткирүү милдетин өзүнө алган юридикалык жак же жеке ишкер;
34) токтотууга коюу пункту - кемелерди, плотторду жана башка сүзүүчү каражаттарды оңдоо, техникалык кароо максатында шарт түзүлгөн жана жабдылган жер үстүндөгү суу объектинин жер участогу жана акваториясы;
35) түздөө иштери - дарыянын нугунда дифференцияланып кепилденген тереңдиктерди түзүүгө жана кармоого көмөктөшүүчү же жээктерди суу жеп кетүүдөн сактоочу курулмаларды куруу;
36) суу түптөрүн тазалоо жумуштары - кемечилик үчүн тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштер;
37) чакан көлөмдүү кемелер - өндүрүштүк балык уулоо, жүктөрдү жана (же) жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын көрсөтүү, сүйрөө, издөө жана башка экскурсиялык, коммерциялык иштерди жүргүзүү үчүн курулгандарды же жабдылгандарды кошпогондо, узундугу 20 метрден ашпаган, бортунда адамдардын уруксат берилген саны 12 адамдан көп эмес кемелер, анын ичинде асма кыймылдаткычтары бар кемелер, суу чаналары, суу скутерлери, гидроциклдер;
38) чакан көлөмдүү кемелерди классификациялоо органы - ЕАЭБге мүчө мамлекеттин чакан көлөмдүү кемелерин классификациялоо органынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу уюм;
39) чакан көлөмдүү кемелердин токтоосу үчүн база (курулма) - портторду, пристандарды жана кеме токтоочу курулмаларды кошпогондо, туризмди уюштуруу, балык уулоо, адамдарды акваториянын жээк тилкесинде олтургузуп сүзүү, суулардан куткаруу, кемелердин токтоп туруусу, спорт менен машыгуу үчүн түзүлгөн, 10 жана андан ашык чакан көлөмдүү кемелердин токтоп туруусу (сактоо) жана (же) тейлөө үчүн арналган жээк тилкесиндеги жана акваториядагы объекттердин комплекси (объект);
40) чакан көлөмдүү кеменин айдоочусу (мындан ары - кеменин айдоочусу) - чакан көлөмдүү кемени башкаруучу жеке жак;
41) ыйгарым укуктуу орган - суу транспорту чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, ишти координациялоону жана жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;
42) эки такттуу кыймылдаткыч - цилиндрлеринин ар биринде иш процесси муунактуу валдын бир айлануусунда, башкача айтканда, поршендин эки жүрүшүндө аткарылуучу ичинен күйүүчү кыймылдаткыч.
4-берене. Суу транспорту чөйрөсүндөгү негизги принциптер
Суу транспорту чөйрөсүндөгү иштер төмөнкү негизги принциптерге негизденет:
1) кемечилик коопсуздугунун, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоонун, жаратылышты коргоонун, экологиялык жана транспорттук коопсуздуктун артыкчылыгы;
2) жеке жана юридикалык жактардын укуктарынын жана милдеттеринин бирдейлиги;
3) кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү тарабынан ташуучуну тандоо эркиндигин камсыз кылуу;
4) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө баалардын эркин болушун камсыз кылуу.
5-берене. Суу транспорту чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салуунун жана координациялоонун негиздери
1. Суу транспорту чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана координациялоо экономиканын жана калктын кемечиликке, суу жолдору боюнча ташууларга болгон муктаждыктарын канааттандыруу, кемечиликтин коопсуздугун, экологиялык ченемдерди жана сууну коргоо режимдерин камсыз кылуу, транспорттук жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Суу транспортун мамлекеттик жөнгө салуу жана координациялоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- суу транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты аныктоону жана ишке ашырууну;
- суу транспортунун объекттеринин ишин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну (чыгарууну);
- суу транспортун экологиялык жана жаратылышты коргоочу башка ченемдерди эске алуу менен өнүктүрүү жана пайдалануу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- суу транспортунун транспорттук жумуштарынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн техникалык ченемдөө жана стандартташтыруу чөйрөсүндөгү техникалык ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкештигин ырастоону;
- суу транспортунун коопсуз ишин камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү коргоо, суу коргоо чөлкөмдөрүнүн жана тилкелеринин, балык чарба иштери үчүн санитардык чөлкөмдөрдүн ченемдерин сактоо боюнча талаптарды белгилөөнү;
- кемелердин сүзүү эрежелерин, кеме жүрүүчү кырдаалды камсыз кылууну, навигациялык жабдуу каражаттарын, портторду, пристандарды жана жүргүнчүлөрдүн терминалдарын, чакан көлөмдүү кемелердин токтотмо-базаларын же токтотууга коюу пункттарын эксплуатациялоону;
- илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдөн жана өзгөчө режимдин сакталышын контролдоодон тышкары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын акваторияларында бардык кемелерди, ошондой эле сүзүүчү каражаттарды жана объекттерди эксплуатациялоого тыюу салууну.
3. Суу транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө мамлекеттик контролдоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
6-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин суу транспорту чөйрөсүндөгү компетенциясы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети суу транспорту чөйрөсүндө:
- суу транспортун жана анын инфратүзүмүн өнүктүрүүнү камсыз кылат:
- Суу транспортун өнүктүрүү программасын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Ички көлмөлөрүндө кемелердин сүзүү эрежелерин, Чакан көлөмдүү кемелерди алардын токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) пайдалануу эрежелерин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык кемелерди убактылуу жана туруктуу негизде Мамлекеттик милдеттүү каттоо (кошо каттоо), кеме реестрин жүргүзүү, ошондой эле кемелердин абалын, алардын токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) жана токтотууга коюу пункттарын эсепке алуу жана техникалык көзөмөлдөө эрежелерин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана багажды ташуу эрежелерин бекитет;
- Суу транспортун техникалык эксплуатациялоо, кемелерди оңдоо эрежелерин жана Кемелерди техникалык күбөлөндүрүү, эксплуатациялоо жана аларды классификациялоо жобосун бекитет;
- Көлдүн лоциясы жөнүндө жобону, кемечилик жана ар кандай сүзүүчү каражаттарды пайдаланууга жабык жана тыюу салынган көлдөрдүн суу объекттеринин же акваториясынын бөлүгүнүн тизмегин аныктайт;
- Жээк тилкесин пайдалануу тартибин аныктайт;
- айлана-чөйрөнү коргоо кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын белгиленген жерлеринде же бүткүл аймагында Суу объекттеринин жээктерин пайдаланууну чектөө тартибин аныктайт.
7-берене. Суу транспортундагы иштин түрлөрүн лицензиялоо
1. Ишти жүзөгө ашырууда лицензиянын болушун талап кылган иштин түрлөрүнүн тизмеги жана аларды лицензиялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын лицензиялоо-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.
2. Лицензиялоо тартибинин сакталышын, анын ичинде лицензиялык талаптардын жана шарттардын сакталышын контролдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
8-берене. Суу транспортундагы тарифтер
Жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды ташууга, суу транспортунда кемелерди жана сүзүүчү объекттерди сүйрөөгө тарифтер, ошондой эле суу транспортунун жумуштарына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө, кемелерден агынды жана саркынды сууларды чыгарууга инфратүзүмдү пайдалануу, күйүүчү-майлоочу материалдарды куюучу стационардык станцияларды пайдалануу үчүн тарифтер суу транспортунун субъекттери тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат.