Редакцияот 05.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы

 

2022-жылдын 5-августундагы № 15/8

 

Кочкор айыл аймагындагы Ормон-Хан паркы жөнүндө

Кочкор айыл аймагындагы Ормон-Хан паркынына дарбаза койдуруу максатында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Омошевдин сунушун талкуулуп, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:

 

 

1. Кочкор айылында жайгашкан Ормон-Хан паркына 150 000(жүз элүү миң) сомдук дарбаза коюу боюнча иштерди жана акча каражаты которулуп берилсин.

 

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

 

Э.Э. Эшмукамбетов