Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 11-апрели ПТ № 125
1. Кыргыз Республикасы менен Сомали Федеративдик Республикасынын ортосунда Дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин мамлекеттик тилдеги долбоору жактырылсын.
2. Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлүнө жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасы менен Сомали Федеративдик Республикасынын ортосунда Дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен КОММЮНИКЕ
Кыргыз Республикасы менен Сомали Федеративдик Республикасы,
эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө көмөк көрсөтүүнү жана достукту, кызматташтыкты чыңдоону каалап,
Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чыңдоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып,
ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирүүчү, 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын, 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде дипломатиялык мамилелерди түзүүнү чечишти.
Муну ырастоо үчүн тийиштүү мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген, төмөндө кол койгон өкүлдөр ушул Биргелешкен коммюникеге кыргыз, англис жана сомали тилдеринде үч түп нускада кол коюшту, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Биргелешкен коммюникенин жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.
__________________ шаарында 2025-жылдын "___" ____________________ түзүлдү.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Сомали Федеративдик Республикасы үчүн |
________________________ |
| ________________________ |