ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2024-жылдын 07-марты № 8
Мүрзө үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Ана-Кызыл айылынын Ак-коо участкасында кооптуу аймактардан көчүп келип отрукташкан тургундардын мүрзөгө болгон муктаждыктарын канаттандыруу максатында, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 22-февралындагы 01-9/357 сандуу корутундусунун негизинде Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ана-Кызыл айылынын Ак-коо участкасындагы № 880-76 контурдан мүрзө үчүн 2,0 га жайыт, жалпысынан мамлекеттин менчигиндеги 2,0 га жайыт жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Суралсын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жер тилкесин которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Б.Мураталиев |