ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 12
Ана-Кызыл айылынын жаңы конушундагы көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Ана-Кызыл айылынын жаңы конушундагы тургундардын көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндөгү 2024-жылдын 20-февралындагы элдик жыйындын № 1 протоколун жана ага тиркелген баяндамаларын карап, таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ана-Кызыл айылынын жаңы конушундагы көчөгө Улуу ата мекендик согуштун ардегери Пратов Абыттын ысмы ыйгарылсын.
2. Суралсын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, ысым ыйгарылган көчөнү каттоого алуу жагы.
3. Улуу ата мекендик согуштун ардегери Пратов Абыттын урпактарына көчөнү абатоо боюнча иш-чараларга мүмкүнчүлүктөрүнөкарап демөөрчүлүк көрсөтүү жагы сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Б.Мураталиев |