Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели № 13

 

Шоро-Башат айылындагы “Нарынбаева Айжана” мектепке чейинки билим берүү уюмуна инвентар сатып алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

               Шоро-Башат айылындагы “Нарынбаева Айжана” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кроват, стол, стул сатып алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маселени карап, таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. “Нарынбаева Айжана” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кроват, стол, стул сатып алууга Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн турак жай чарбасы бөлүмүнүн 22154900-статьясынан 169 100 (бир жүз алтымыш тогуз миң бир жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Токтомду аткарууга алуу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы У. Бакировго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

 

Төрага:

 

Б.Мураталиев